Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:59

Орусиялык күчтөр Днепр жана Запорожьеде турак үйлөрдү аткылады


Днепрде көп кабаттуу үйгө ракеталык сокку урулду.
Днепрде көп кабаттуу үйгө ракеталык сокку урулду.

28-июлда кечинде орусиялык күчтөр Украинанын аймагында ракеталык аткылоолорун улантты. Днепрге атылган ракета көп кабаттуу турак жайга тийген. Жергиликтүү тургундар жана жалпыга маалымдоо каражаттары Запорожьеде да жарылуу болгонун билдиришкенин “Свобода” радиосу жазды.

Днепрдеги ракеталык соккудан тогуз киши жабыркаган, алардын экөө бала экенин Днепропетровск облусунун губернатору Сергей Лысак билдирди.

Жеринен тартылган видеодо турак үйдүн жогорку кабаттары зыян тартканын көрүүгө болот.

Украинанын ички иштер министри Игорь Клименко Днепрде турак үйгө ракеталык сокку урулганын ырастады. Чабуул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский маалымат берип, турак үйлөрдөн тышкары Днепрде Украинанын Коопсуздук кызматынын административдик имараты жабыркаганын билдирди.

Украинанын Башкы прокуратурасы бул аткылоолордон кийин согуш мыйзамдарын бузууга байланыштуу кылмыш ишин козгоду.

Украиналык басылмалар жазгандай, украин чалгынчылары Орусиянын Нижегород облусунун Савослейка аскердик аэродромунан МиГ-31 кыргын салуучу учактын учканын аныктагандан кийин Украинанын аймагында абадан эскертүү берилди. Учактын бул түрү “Кинжал” сыяктуу ракеталар менен сокку урат.

Ал арада өздөрүн “Донецк элдик республикасы” деп атап алган топтун Орусия дайындаган башчылыгы Донецкинин борборунда жарылуу болгонун, анда бир адам набыт кетип, сегизи жараат алганын билдирди.

Киев күн сайын Украинанын аймагын орус күчтөрү аткылап жатканын айтса, Москва бул дооматтарды четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG