Президент Садыр Жапаров 27-июлда Ош облусуна болгон жумушчу сапарында Ош шаарында ичүүчү таза суу үчүн төрт жаңы резервуардын курулушу менен таанышты. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы маалымдады.
Ар бири алты миң куб метр болгон резервуарлар шаардыктар үчүн ичүүчү таза сууну чогултууга коюлган. Садыр Жапаров ишти тездетип, бир айдын ичинде шаардын тургундарын таза суу менен толук камсыз кылуу маселесин чечүү тапшырмасын берди.
Ош шаарынын мэри Бактыбек Жетигенов мэриянын ишти 31-августка чейин аяктоого дарамети жете турганын айтты.
Жүз миңдеген адам жашаган Ош шаарында жамгыр жааган сайын Ак-Буура дарыясы ылайланып, суу берүү убактылуу токтотулат. Эки-үч күнгө чейин суу берилбей калган учурлар да болгон. (BTo)
Дагы караңыз
Бишкек мэриясында 1,7 миллиард сом каржылык мыйзам бузуу аныкталдыЫсык-Көлдө кырсыктан кийин 200дөн ашык эс алуу жайы текшерилдиБеларуста Тихановскийлердин батири аукциондо сатылдыТайлаков “Яндекс.Таксинин” баасын жөнгө салуу аракети көрүлүп жатканын билдирдиСПИД борбору Саламаттык сактоо министрлигинин карамагында калатNYT: Украин армиясы контрчабуулдун негизги баскычына өттүШаардык сот Бакировду мандатынан ажыраткан чечимди күчүндө калтырды