Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:23

Бишкек мэриясында 1,7 миллиард сом каржылык мыйзам бузуу аныкталды


Бишкек мэриясы.
Бишкек мэриясы.

Эсеп палатасы Бишкек мэриясынын 2021-жылдагы ишмердигин текшерүүдө 1 млрд 778 млн сом каржылык мыйзам бузуулар аныкталганын кабарлады.

Маалыматка ылайык, 917 миң сом айлыкка негизсиз төлөнгөнү, 635 миң сом иш сапарларга ашыкча коротулганы, курулуш иштерине 12 млн сом ашыкча жумшалганы, “Бишкекжылуулукэнерго” ишканасында 3 млн 264 миң сом максатсыз пайдаланылганы белгилүү болгон. Мындан башка да бир катар мыйзам бузуулар аныкталган.

Эсеп палатасы юридикалык баа берүү өтүнүчү менен айрым каржылык мыйзам бузуулар боюнча материалдарды Башкы прокуратурага жиберди.

27-июлда Эсеп палатасынын кеңешинин жыйынында 2021-жылдагы Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча отчёту каралып, аныкталган кемчиликтерди жоюу үчүн сунуштар берилди. (BTo)

XS
SM
MD
LG