СПИД борбору Саламаттык сактоо министрлигинин карамагында калат

Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлиги Кан аркылуу таралган вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борбору (мурдагы "Республикалык СПИД борбору") аталган министрликтин алдында каларын билдирди. Мындай чечим 27-июлдагы жыйында кабыл алынды.

Буга чейин аталган борбор жаңы негизделген Коомдук саламаттык сактоо институтуна кошулары айтылган жана буга байланыштуу талаш-талкуу чыккан.

Өткөн аптада, 21-июлда ВИЧке жана гепатитке чалдыккан бейтаптардын өкүлдөрү аталган министрликтин алдына нааразылык акцияга чыккан. Алар мындай реформа жүргүзүүдө министрлик бейтаптардын пикирин эске албай калганын айтып, “борбор институтка өтсө, ВИЧке жана гепатитке каршы бөлүнүүчү каражат чачырап кетет” деген оюн билдиришкен.

Ушул айдын башында өкмөт Саламаттык сактоо министрлигинин “Алдын алуучу медицина” илимий-өндүрүштүк бирикмесин “Коомдук саламаттык сактоо улуттук институту” деп атын өзгөртүү жөнүндө токтом кабыл алган.

Дагы караңыз

Садыр Жапаров Жалал-Абад шаарында Сот адилеттиги үйүн ачты Казарман ГЭСтер каскадын кытайлык үч компания курат Аламүдүн суусуна агып кеткен бир жашар кыздын сөөгү табылды Бир катар тажик банктары "Юнистрим" аркылуу акча которууну чектеди Нигер: аскерлер президент бийликтен четтетилгенин жарыялаштыОрусия Путинди камакка алуу ордерин чыгарган судьяга издөө жарыялады Уран калдыктар маселеси: "Росатомдун" өкүлдөрү Жумгалда болду