Алтайда тик учак кырсыгынан алты киши мерт болду

Алтай аймагында кулап түшкөн тик учак. 27-июль, 2023-жыл.

Орусиянын Алтай аймагында Ми-8 тик учагы кырсыктап, алты киши мерт болду. Дагы жети киши жабыркады. Бул тууралуу "Коммерсант" басылмасы тиешелүү кызматтарга шилтеме жасап жазды.

Кырсыкка электр зымдары себеп болгону кабарланды. Маалыматка караганда, тик учакта туристтердин тобу бараткан.

Жалпысынан бортто 15 киши болгон, алардын үчөө экипаж мүчөлөрү. Тик учак Түнгүр айылына конуп баратканда электр зымдарына илинип, кулап түшкөн.

Тергөө комитети кырсык боюнча иш козголгонун билдирди. Тик учак "Алтай авиа" компаниясына караштуу болчу.

Бул Алтай аймагында соңку үч күн ичинде туристтер аралашкан экинчи кырсык. 25-июлда Каракол көлүнө туристтерди алып бараткан жүк ташуучу автоунаа кырсыктап, бир киши мерт болгон. 12 адам, анын ичинде тогуз бала жабыркаган.

Дагы караңыз

Гепатитке каршы акысыз текшерүү жүрүп жататОрусияда мобилизация боюнча чакыруунун жаңы формасы бекитилдиЗеленский Днепр шаарына барды