Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:47

Зеленский Днепр шаарына барды


Украинанын президенти Владимир Зеленский. 21-июль, 2023-жыл. Киев.
Украинанын президенти Владимир Зеленский. 21-июль, 2023-жыл. Киев.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 27-июлда Днепр шаарына барды.

"Жумуш күнүн Днепр шаарынан баштадык. Аскерлерди курал-жабдык менен камсыздоо, азыркы абадан коргонуу системаларынын эффективдүүлүгү жана аба калканын күчтөндүрүү (талкууланат)", - деп жазды Зеленский Телеграмга.

Ал арада Орусиянын армиясы 27-июлга караган түнү Одессадагы портко ракета менен чабуул жасады. Облустук аскердик администрациянын башчысы Олег Кипр алгач бир адам мерт болгонун маалымдаган. Кийин дагы бир кишинин сөөгү уранды алдынан табылганы кабарланды.

Андан тышкары соңку бир суткада Донецк жана Харьков облустарында орус армиясынын аткылоосунан эки карапайым тургундун өмүрү кыйылды. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү 27-июлда билдирди.

Украинанын инфратүзүм министри Александр Курбаков Орусия дан келишиминен чыккандан кийин 26 дан кампасы менен порт жабдыктарына залака келтиргенин айтты.

Кремль буга чейинки макулдашууда Орусиянын данын жана жер семиркичтерин экспорттоо бөлүгү сакталбаганын жүйө келтирүү менен дан келишимин узартуудан баш тарткан.

XS
SM
MD
LG