Тажикстандын Жогорку Cоту “Жаңы Тажикстан 2” маалыматтык сайтын “экстремисттик” деп таап, анын өлкөдөгү ишмердигине тыюу салды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз борбору билдирди. 26-июлда таратылган маалыматка ылайык, соттун чечими 21-июнда чыгарылган.
Андан тышкары, сайттын социалдык түйүндөрдөгү баракчалары, басылмада иштеген авторлордун профилдери бөгөттөлдү.
“Жаңы Тажикстан 2” сайты бул өлкөдө тыюу салынган “Группа 24” оппозициялык кыймылына таандык.
14-июнда Жогорку Cот Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы окуяларды чагылдырган Pamir Daily News интернет-басылмасын экстремисттик деп таап, анын өлкө аймагындагы ишмердигине тыюу салган. Бул чечим эл аралык уюмдардын сынына кабылган.
Дагы караңыз
IRI: кыргызстандыктар “Азаттыктын” маалыматына ишенетЧек ара: Тараптардын дооматы, элдин талабы Кыргызстан санкциялык товарларды жашыруудабы?