Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:54

IRI: кыргызстандыктар “Азаттыктын” маалыматына ишенет


АКШнын Эл аралык республикалык институту (IRI) жүргүзгөн сурамжылоого катышкандар “Азаттык” радиосунун жаңылыктарына жана саясий маалыматтарына көбүрөөк ишене турганын билдиришкен.

Андан кийинки орундарда “Кыргызстан обондору, Эл ФМ, “Биринчи радио”, “Марал ФМ” жана “Санжыра” радиолору бар.

Сурамжылоого катышкандардын 81% саясий маалыматтарды интернеттен, 48% теледен, 30% тууган, досторунан, 6% радиодон, 6% кесиптештеринен, 5% гезиттерден алаарын айтышкан. Андан тышкары респонденттердин 20% маалыматты Ютубдан, 11% Инстаграмдан, 7% Фейсбуктан, 4% “Азаттыктан”, 3% Вотсаптан, 2% Akipress маалымат агенттигинен жана башка агенттиктерден ала турганын билдиришкен.

“Сиз телекөрсөтүү каналдардын кайсынысынын жаңылыктарына жана саясий маалыматтарына баарынан көбүрөөк ишенесиз?” деген суроого 23% УТРКнын, 8 % ЭлТР, 6% “Ала-Тоо 24”, 3% Ош ТВ каналдарына жана 2% “Азаттыктын” деп жооп беришкен.

IRI уюму быйыл 5-майдан 25-майга чейин адамдардын үйүндө бетме-бет маектешүү жолу менен сурамжылоо жүргүзгөн. Ага 18ден жогорку жаштагы 1500гө жакын кыргызстандык катышкан. (BTo)

XS
SM
MD
LG