Иранда сот хижаб оронбогон актрисаларды "акылдан азган" деп тапты

Афсона Бойеган, Лейла Болукат, Азода Самади.

Ирандын соту хижаб кийбегени үчүн соттолгон үч белгилүү актрисаны "үй-бүлөгө жана коомчулукка кооптуу, акылдан азгандар" деп тапты. Мындай чечимди Тегерандын Кылмыш соту Афсона Бойгенга, Лейла Болукатка жана Азода Самадиге карата чыгарды.

Чечим жарыялангандан кийин өлкөнүн алдыңкы психологдору сот системасын "психиатрия менен психологияны кыянаттык максатта пайдаланган” деп айыпташты. Алар адамдын психикалык абалына психиатр дарыгер гана диагноз коё аларын белгилеп, Жогорку Соттун төрагасы Гуламхусейн Мохсени Эжейдин атына ачык кат жолдошту. Ал катты басылмалар 20-июлда басып чыгарганы белгилүү болду.

Аталган актрисалар акыркы кезде коомчулуктун алдына хижаб кийбей чыкканы үчүн соттолушкан.

16-июлда Иран өкмөтү аялдардын паранжа жана хижаб кийишин көзөмөлдөөчү адеп-ахлак полициясы кайра иштей баштаганын жарыялаган.

Былтыр сентябрда аталган полициянын кызматкерлери "хижаб кийүү эрежесин бузду" деп кармаган 22 жаштагы студент Махса Амини камакта каза болгон. Бул окуядан кийин өлкөдө нааразылык акциялары тутанган.

Эл аралык уюмдар Иран бийлиги демонстрацияларды күч менен басууга аракет кылганда бери дегенде 500 киши өлгөнүн маалымдашкан. Жүздөгөн адам кармалып, айрымдары дарга асылган.

Дагы караңыз

Жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматкерлерге камера тагыла баштады Грекиянын токойлорун каптаган өрт үч кишинин өмүрүн алдыРавшан Жээнбековдун жубайы операция болгону кабарланды