Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:24

Грекиянын токойлорун каптаган өрт үч кишинин өмүрүн алды


Учак менен өрт өчүрүү маалында тартылган сүрөт.
Учак менен өрт өчүрүү маалында тартылган сүрөт.

Грекиянын токойлорун каптаган өрт үч кишинин өмүрүн алды. Тилсиз жоо үч аптадан бери өлкөнүн бир нече аралдарын каптап, миңдеген жергиликтүү тургундар жана туристтер коопсуз аймакка көчүрүлдү.

Грек телекөрсөтүүсү Эвия аралында пилоттор башкара албай калганда өрткө суу чачып жүргөн учактын кулаганын маалымдады. Эки учкуч тең ошол жерден мерт болгон. Андан тышкары жекшембиден бери дайынсыз болуп жаткан 41 жаштагы чабандын сөөгү табылды.

Родос, Корфу жана Эвия аралдарын каптаган тилсиз жоо менен күрөшүүгө түркиялык, хорватиялык жана словакиялык өрт өчүрүүчүлөр көмөктөшүүдө. Ысык жана шамал аны күчөтүп жатканы айтылууда.

Ысыктан улам азыркы кезде Түркияда, Италияда, Сирияда да токойлор өрттөнүүдө. Окумуштуулар муну климаттын өзгөрүүсүнөн көрүп жатышат.

Буга чейин Алжирдеги токойлорду чалган өрт калктуу конуштарга жайылып, кеминде 34 кишинин өмүрүн алды деп кабарланган.

XS
SM
MD
LG