Жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматкерлерге камера тагыла баштады

ИИМ тараткан сүрөт.

Ички иштер министрлиги Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлерине камера тагыла баштаганын билдирди. Ага ылайык, мындай саамалык Ысык-Көл облусунан башталды, андан кийин камералар Чүйдөгү кызматкерлерге берилет.

"Камера менен кызматкерлердин ишин 24 саат бою көзөмөлгө алса болот. Камералар кызматкерлердин төшүнө же ийининдеги погонунун алдына орнотулуп, бардык кыймыл-аракеттери онлайн көрсөтүлүп турат жана видео-аудио жазуу форматында сакталып, ИИМдин жетекчилигинин көзөмөлүндө болот. Айрыкча айдоочуларга мамилеси, мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти сакташы, коррупциялык элементтерге жол бербөөсү, чыр-чатакка байланыштуу далилдер, акча сунуштаган айдоочулардын да өңүн-түсү жана сөзү видеого тартылып, онлайн мониторинг жүргүзүлөт, тийиштүү чаралар көрүлөт",-деп жазылган маалыматта.

Ушул жылдын март айында ИИМдин аталган башкармалыгы коррупцияга себепкер болгон айдоочулар да жазага тартыларын эскерткен. Анда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, ички иштер органдарынын кадыр-баркына доо кетирген кадрлардан тазалануу аракеттери кызматкерлердин ээлеген кызматына, көп жылдык тажрыйбасына жана кадыр-баркына карабастан аёосуз жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Анын алдында президент Садыр Жапаров ИИМдин жетекчилигине жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлердин ишине көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырган. Анда жарандарды пара талап кылган фактыларды ачык айтууга чакырган.

Дагы караңыз

ӨКМ июнь айынан бери 55 киши сууга чөккөнүн билдирдиКочкордо токойдун жерин балык чарбага берүүгө каршы эл чогулду Мал аткезчилиги: чек арачыларга каршылык көрсөткөн беш адам камалды Ленин округундагы кайра шайлоо: тогуз адам БШКга арыз берди Садыр Жапаров энергетикадагы өзгөчө кырдаал режимин түшүндүрдү Алты айда жол кырсыгына себепкер 550дөй айдоочу из жашырып кеткенТөө-Ашуудагы тоннель күнүгө 10 сааттан жабыла башталды Министрлик: дары-дармек сатып алууга өткөн айда 1 млрд сом бөлүндү