Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:13

Алты айда жол кырсыгына себепкер 550дөй айдоочу из жашырып кеткен


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлиги өлкөдө "Унаа издөө" операциясы жүргүзүлүп жатканын билдирди. Анын алкагында уурдалган машиналарды, жол кырсыгына себепкер болгон, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочуларды издөө иштери күчөтүлөрүн маалымдады. Ошондой эле машина базалары, тейлөө жайлары текшерилип жатат.

"Ушул жылдын алты айында машина уурдоого байланыштуу 123 факт катталган. Айрым фактылары аныкталбай калып жатат. Соңку жарым жылда жол кырсыгын жасагандан кийин 539 айдоочу ошол жерден качып кеткен. Алардын ичинен 12 учуру адам өлүмү менен коштолсо, 580 адам ар кандай жараат алган. Азыркы учурда бети ачылбаган фактылар бар", - деп жазылган маалыматта.

Президент Садыр Жапаров "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган маегинде жол кырсыктары тууралуу маселеге токтолгон. Анда буга негизинен айдоочулар күнөөлүү экенин айтып, айдоочулук күбөлүктү берүүгө көзөмөл күчөтүлөрүн эскерткен.

"Авариялардын көп катталуусунун биринчи себеби айдоочуларда. Акыркы 20-30 жылда көпчүлүгү окубай туруп эле айдоочулук күбөлүк сатып алган. Эрежени сакташпайт. Жол белгилерин билишпейт. Азыр рейд өткөрүп четинен сурап көрсөк, дээрлик 90 пайыз айдоочулар жооп бере алышпайт. Бул проблеманы чечиш үчүн эки жылдан бери катуу иш жүрүп жатат. Мындан ары окубай туруп эч ким айдоочулук күбөлүк ала алышпайт. Окуп, жол эрежесине байланыштуу толук жооп бергенден кийин гана айдоочулук күбөлүк берилет. Жооп бере албаса, экзамен тапшырып жүрө беришет", - деген Жапаров.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда былтыр бир жыл ичинде 7 миңдей жол кырсыгы катталып, 600дөн ашуун өмүр кыйылган.

XS
SM
MD
LG