ӨКМ июнь айынан бери 55 киши сууга чөккөнүн билдирди

Киров суу сактагычында издөө иштери. ӨКМ тараткан сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, ушул жылдын июнь айынан бери 55 киши сууга чөгүп мерт болду. Алардын 21и балдар. Былтыр ушул маалда 48 өлүм катталган, быйыл сууга чөгүп көз жумгандардын саны 18% өстү.

Буга чейин аталган министрлик өлкөдө сууга чөгүп каза тапкан учурлар көбөйүп жатканын билдирген. Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда жыл башынан бери 60тан ашык адам сууга чөгүп каза болду. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул маалына салыштырмалуу бери дегенде 25% көбөйдү.

Ага чейин Ички иштер министрлиги (ИИМ) соңку алты айда 60тан ашуун жаш бала, өспүрүм сууга чөгүп каза болгонун, ошондуктан милиция коопсуздук чараларын күчөткөнүн кабарлаган.

ӨКМдин маалыматына ылайык, былтыр 85 адам сууга чөгүп каза болгон. Мындай кырсыктардын басымдуу көпчүлүгү жайкы эс алуу мезгилинде Чүй, Ош, Ысык-Көл облустарында катталган. Каза болгондордун 28и - он эки жашка чейинки балдар.

Дагы караңыз

Кочкордо токойдун жерин балык чарбага берүүгө каршы эл чогулду Мал аткезчилиги: чек арачыларга каршылык көрсөткөн беш адам камалды Ленин округундагы кайра шайлоо: тогуз адам БШКга арыз берди Садыр Жапаров энергетикадагы өзгөчө кырдаал режимин түшүндүрдү Алты айда жол кырсыгына себепкер 550дөй айдоочу из жашырып кеткенТөө-Ашуудагы тоннель күнүгө 10 сааттан жабыла башталды Министрлик: дары-дармек сатып алууга өткөн айда 1 млрд сом бөлүндү