Кыргызстанда адамдар жумушсуздук жана баалардын жогорулап кетишин негизги көйгөй деп эсептейт. Бул тууралуу АКШнын Эл аралык республикалык институтунун (IRI) сурамжылоосунда айтылат.
Уюм ушул жылдын 5-майынан 25-майга чейин адамдардын үйүндө бетме-бет маектешүү жолу менен сурамжылоо жүргүзгөн. Ага 18ден жогорку жаштагы 1500гө жакын кыргызстандык катышкан.
“Бүгүнкү күндө биздин өлкө дуушар болгон эң олуттуу көйгөй кайсы?” деген суроого сурамжылоого катышкандардын 29% жумушсуздук, 28% баалардын кымбатташы, 14% коррупция деп жооп берген.
Сурамжылоого катышкандардын 78% Кыргызстан туура багытта баратканын белгилешкен. Бул көрсөткүч 2022-жылдын апрель айында 85% болчу. (BTo)
Дагы караңыз
Константиновкада орус күчтөрүнүн чабуулунан 12 жаштагы кыз каза таптыЛейлекте аткезчилик менен эт ташыган Тажикстандын жараны кармалдыКемпир-Абад иши: абактагылар эл аралык уюмдарга кайрылдыНорвегияда партия лидери көз айнек уурдаганы үчүн кызматтан кеттиМал аткезчилиги: чек арачыларга каршылык көрсөткөн беш адам камалды