Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткандар АКШнын, Германиянын, Франциянын, Европа Биримдигинин Кыргызстандагы элчилерине жана Еврокомиссия менен Европарламентке кайрылуу жасады.
Кайрылууда президент Садыр Жапаровго, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге, баш прокурор Курманкул Зулушевге, ички иштер министри Улан Ниязбековго жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө персоналдык санкция салуу өтүнүчү жазылган.
Кат бул иш боюнча камакта жаткан оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбековдун Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.
“Жогоруда аты аталган жогорку мамлекеттик кызматчылар Кыргызстандагы фундаменталдуу эркиндиктердин чектелишине, адам укуктарынын бузулушуна, коррупцияга, жарандык коомду, эркин журналисттерди, укук коргоочуларды жана оппозициялык саясатчыларды куугунтуктоолорго түз да, кыйыр да тиешелери бар деп эсептейбиз”, - деп айтылат маалыматта.
Кайрылууда сөз эркиндигин, адам укуктарын чектеген Орусиянын мыйзамдары көчүрүлүп жатканын, Кыргызстанда чогулуу эркиндиги, ишкерлик эркиндиги жана саясий атаандаштык чектелип жатканы жазылган.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирип чыккан 30га жакын белгилүү саясатчы, активисттер былтыр октябрда Бишкектин тергөө абагына камалган.
Ушул тапта айыпталган 27 адамдын 14ү абакта кармалып турат. Калганы үй камагында. Иш боюнча алдын ала соттук угуулар 22-июнда башталган.
Милиция аларды бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон. Абактагылар мунун баарын саясий куугунтук деп баалап келет.
Былтыр 17-ноябрда Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө келишимди ратификациялаган. Ага ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычы турган 4485 гектар жер келишимдин негизинде Өзбекстанга өткөн.
Кыргыз бийлиги коңшу өлкөдөн 19 миң гектардан ашуун жер алганын билдирген.
Буга чейин бейөкмөт уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын коалициясы чет өлкөлөрдүн элчиликтерине адам укугу менен сөз эркиндигин чектеген чуулгандуу мыйзам долбоорлордун авторлоруна жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө виза бербөөгө чакырышкан. (BTo)