Осмоналиев: Бардык документтер өңчөй кыргызча жазылат

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

“Мамлекеттик тил жөнүндөгү” жаңы күчүнө кирген конституциялык мыйзам кыргыз тилин өнүктүрүүгө кенен жол ачат. Бул тууралуу президенттин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев “Азаттыкка” курган маегинде айтып, жаңы мыйзамдын өзгөчөлүктөрүн белгиледи.

Жогорку Кеңеш быйыл 31-майда кабыл алган . “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” конституциялык мыйзамга президент Садыр Жапаров 17-июлда кол койгон.