Татарстанда дрон чогултууга студенттер тартылууда

Украинада атып түшүрүлгөн "Герань" (Шахед) жанкечти дронунун калдыгы. Одесса, 4-май, 2023-жыл.

Татарстанда "​Алабуга Политех"​ коллежинин студенттери Иранда чыгарылган "Шахед" дрондорунун тетиктерин чогултууга тартылууда.

Алардын көбү жашы жете электер. Бул тууралуу "Протокол" басылмасынын жана ​РЗВРТ YouTube-каналынын журналисттеринин биргелешкен иликтөөсүндө айтылат.

Орусия Украинага согуш ачкандан бери Татарстандагы "Алабуга" экономикалык аймагында жанкечти-дрондор чогултула башталган. Аларга Орусияда "Герань-2" деген аталыш ыйгарылган.

Студенттердин айтымында, алар бир нече сутка уктабай, тамак ичпей иштейт. Айына 30-40 миң рубль төлөнөт.

Иликтөөдө белгиленгендей, студенттер баш тартуудан же нааразылык билдирүүдөн коркушат. Келишимге ылайык, алардын маалыматты ачык бөлүшүүгө укугу жок. Дрон чогултуудан качкан студенттер үчүн алардын ата-энелери жоопкерчиликке тартылат.

Орусия "Шахед" дрондору менен Украинанын аймагын аткылоону улантып жатат. "Алабуга Политех" коллежи 2021-жылдын апрелинде "келечектеги Илон Масктарды" чыгаруу үчүн ачылган.

Дагы караңыз

Forbes дүйнөдөгү куну төмөн 10 валютанын тизмесин жарыяладыТүркияда токойлорду каптаган өрттөн улам ондогон киши эвакуацияландыБекматов: Жаныбек Абиров кайра шайлоого талапкер боло албайт