AP: АКШ Украинага 400 млн. долларлык кошумча жардам жөнөтөт

Украин куралдуу күчтөрү HIMARS реактивдүү артиллериялык системасын Херсон облусунда колдонууда. 5-ноябрь, 2022-жыл. Украина.

Кошмо Штаттар Украинага 400 миллион доллар өлчөмүндө кошумча аскердик жардам жөнөтөт. Бул тууралуу Associated Press Ак үйдөгү булактарына таянып жазды.

Маалыматка караганда, анын алкагында Киевге чалгын чогултуу үчүн колдонулган Hornets нано-дрондору, HIMARS реактивдүү системалары, танктарга каршы колдонулуучу "Стингер" жана "Жавелин" зениттик ракеталары, Hydra-70 жер-аба ракеталары, "Страйкер" оор аскердик техникасы берилет.

Бул курал-жабдык атайын президенттик программанын алкагында бир нече күндүн ичинде жөнөтүлөт. Бул схема Байденге Конгресстин макулдугу жок эле каражат бөлүү мүмкүнчүлүгүн берет. Орусия Украинага толук кандуу согуш ачкандан бери Вашингтон Киевге 41 миллиард доллардан ашуун өлчөмдө жардам көрсөттү.

Дагы караңыз

Forbes дүйнөдөгү куну төмөн 10 валютанын тизмесин жарыяладыЧолпон-Атада скутер кырсыгы боюнча шектүү күнөөсүн мойнуна алдыБекматов: Жаныбек Абиров кайра шайлоого талапкер боло албайт