Чолпон-Ата шаарында скутерде кырсыктаган үч кишинин экөө каза болду. Бул тууралуу 25-июлда Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, окуя 23-июлда болгон. Бир эркек бала жана эки кыз Чолпон-Ата шаарынын жалпы дарыгерлер практикалык борборуна түшкөн. 24-июлда эркек бала менен бир кыз каза болуп калган. Алар 2000 жана 2004-жылкы улан, кыздар экени айтылды. Бирөө башынан, дагы бири жамбашынан жаракат алган.
Дагы бир кыз хирургия бөлүмүндө жатат. Абалы туруктуу деп бааланууда.
Ысык-Көлдө сууга түшүп жаткан эс алуучулар скутердин айынан кырсыктаган окуялар буга чейин да болгон. Ушундан улам коопсуздук маселеси көтөрүлүп келет. (BTo)
Дагы караңыз
Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр боюнча териштирүү башталды МАГАТЭ: Запорожье АЭСинин аймагына миналар коюлган Жардам сурап ыйлаган келин арыз жазуудан баш тарттыМинистрлик: «Ай Кью» мектеби документтерин көрсөтө элекЧек арадагы чыр: тараптар жолдогу тосмолорду алууну макулдашты Дайырбек Орунбеков чек арадагы соңку чыр кандайча тутанганын айтты Орус армиясынын чабуулунан Константиновкада эки адам мерт болду