Ооганстанда нөшөрлүү жаандан кийин каза тапкандар 40ка жакындады

"Талибан" бийлиги Ооганстанда акыркы үч күндө нөшөрлөп жааган жамгырдан кеминде 38 адам каза болуп, 60ка жакыны жараат алганын билдирди.

Талибдердин өкмөтүнүн өкүлү Шафиула Рахими "Азаттыктын" ооган кызматына кабарлагандай, жүздөгөн гектар айыл чарба жерлери жана кеминде 900 үй зыян тартты.

Курман болгондордун көбү Майдан Вардак провинциясында. "Талибан" бийлиги Кабул жана Гильмендде да сел коркунучу бар экенин эскертти.

"Азаттыктын" ооган кызматы жергиликтүү тургундарга шилтеме жасап, айрым кишилерди сел агызып кеткенин, алар табылбай жатканын жазды.

Ушул күндөрү нөшөрлүү жаандан улам жаралган кооптуу кырдаалга байланыштуу Индиянын бир катар аймактарынан да тургундар эвакуацияланууда.

Дагы караңыз

Twitter социалдык түйүнү логотибин X белгисине алмаштырдыОсмоналиев: Кыргызстан улуттук тилин көтөрүү аракетин көрүп жатат Москваны териктирген кыргыз тил мыйзамыОш: үйгө деп акча берип, алданып калганын айткандар милиция бөлүмүнө чогулду