Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуудагы тоннель 26-июлдан 6-августка чейин күнүгө 10 саат жабылып турарын билдирди.
Ага ылайык, Сосновка өткөрмө бекетинен жүк ташуучу машиналар түнкү саат 3төн тартып күндүзгү саат 4кө чейин өткөрүлбөйт. Жеңил машиналар үчүн жол эртең мененки саат 6дан күндүзгү саат 4кө чейин жабык болот.
Ал эми Бишкекти көздөй келе жаткан машиналар болсо ушул эле убактарда жолдун 144 чакырымында (Суусамыр өрөөнү) токтотулат.
"Кыркына чыдадыңыздар, эми кырк бирине сабыр кылып берип коюңуздар. Буюрса эң маанилүү этабы башталды. Бул күндөрү тоннелдин 2510 метр жолу толугу менен асфальтталат. Убактылуу жаралган ыңгайсыздыкка түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз",- деп жазды Текебаев Фейсбуктагы баракчасына.
Буга чейин аталган тоннелдин ичиндеги жолдун сапатына байланыштуу нааразылык көбөйгөн. Айрым учурда тыгындар дагы пайда болгон. Өткөн айда тоннелди суу каптаган эле.
Аталган министрлик май айында быйыл тоннель толугу менен оңдолорун билдирген.
Кусеин Көлбаев атындагы тоннелдин узундугу үч чакырымга жакын. Деңиз деңгээлинен 3200 метр бийиктикте жайгашкан. Курулушу 1957-жылы башталып, 1964-жылы аяктаган. 1999-жылы аны Түштүк Кореянын "Самсунг" компаниясы реконструкциялаган.
Дагы караңыз
Садыр Жапаров кыргыз тил мыйзамы тууралуу Лавровдун сынына жооп бердиКызмат маалында каза тапкан прокурорго берилчү кенемте азайды Консулдук: Кутманованын уулу депортациялоо борборунда туратАт-Башы: салмак-көлөмдү көзөмөлдөө бекетинде иштегендер кармалдыЖапаров "коррупция" беренеси менен камалган иниси жөнүндө үн катты Ак-Ордо-3 конушундагы аварияда жабыркаган дагы бир адам каза болду