Крымда дагы бир ок-дары кампасынан өрт чыкты

Иллюстрация.

Орусия мыйзамсыз аннексиялап алган Крымда дрон чабуулунан кийин ок-дары сакталган кампадан өрт тутанды. Бул тууралуу аннексияланган Крымдын Орусия дайындаган жетекчиси Сергей Аксёнов 24-июлда билдирди.

Жарылуу болгон жерден беш чакырым радиуста жакын жайгашкан айылдардан адамдар эвакуацияланды. Жол кыймылы убактылуу токтотулду. Аксёнов адам өмүрү кыйылбаганын айтты.

Бул бир апта ичинде Крымдагы аскердик объектилерде өрт чыккан үчүнчү окуя. Москва муну Украинанын учкучсуз учактарынын соккусунун натыйжасы деп билдиргени менен, Киев аны тастыктаган да, төгүндөгөн да жок.

Орусия Украинанын Крым жарым аралын 2014-жылы жазында басып алган. Эл аралык коомчулук Крымды Украинанын аймагы деп эсептейт.

Дагы караңыз

Консулдук: Кутманованын уулу депортациялоо борборунда туратСеменов-Тянь-Шанский чокусунда көчкүдө жоголгон турист табыла элек Ат-Башы: салмак-көлөмдү көзөмөлдөө бекетинде иштегендер кармалды