Испаниядагы шайлоодо оңчул партиялар жеңишке жетишти

Шайлоодо жеңгендер майрамдап жатышат.

Испаниядагы парламенттик шайлоодо оңчул борборчул "Элдик партия" жеңди. Добуш саноонун баштапкы жыйынтыгына ылайык, өкмөттү түзүү үчүн аларга радикалдуу оңчул Vox партиясынын добуштары да керек болот.

Испанияда жекшемби күнү жалпы элдик шайлоо өттү. Добуштар 24-июлда түн ортосуна чейин саналып бүтөт.

Алдын ала эсепте солчулдар 153 мандатка, оңчулдар 169 мандатка ээ болушту. Абсолюттук көпчүлүк жана өкмөттү түзүү үчүн кайсы гана партия болбосун 176дан кем эмес мандат алышы керек.

Жалпы шайлоо мөөнөтүнөн мурда өттү. Май айындагы муниципалдык шайлоодо премьер-министр Педро Санчестин Социалисттик жумушчу партиясы жеңилгенден кийин парламент таратылган эле.

Дагы караңыз

Ат-Башы: салмак-көлөмдү көзөмөлдөө бекетинде иштегендер кармалдыЧек ара кызматы Тажикстандын аймагында атылган ок боюнча комментарий бердиКытайда мектептин чатыры ураганда каза тапкандардын саны 11 кишиге жетти