Астанада кыргыз жаранын сабаган мушкер Шуменовго издөө жарыяланды

Казакстандык мушкер Бейбут Шуменов.

Казакстандын борбору Астана шаарында Кыргызстандын жаранын сабаган казакстандык таанымал мушкер Бейбут Шуменовго издөө жарыяланды.

Бул тууралуу Казакстандын Укуктук статистика жана атайын эсеп органдарынын порталына маалымат чыкты. Сайтта Казакстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) шектүүнү эки күндөн бери издеп жатканы жазылган.

Июль айынын ортосунда социалдык тармактарда колуна баласын көтөрүп турган кишини дагы бир адам ур-токмокко алып жаткан видео тараган эле.

Кийин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ИИМ) окуя 18-июнда Астана шаарындагы MEGA Silk Way соода борборунда болгонун, токмоктолгон кыргызстандык 13-июлда Астанадагы кыргыз элчилигине чакырылды деп билдирген.

Казакстандын ички иштер министринин орун басары Кайрат Сунтаев кыргызстандык жаранга кол көтөргөн адам казакстандык мушкер Бейбут Шуменов экенин ырастаган. Спортчуга “Бейбаштык” беренеси менен иш козголгон болчу.

Шуменов Tengrinews басылмасына берген комментарийинде “бала кармап турган адамга кол салбай эле, тескерисинче коргонгом” деп актанган. (BTo)

Дагы караңыз

Садыр Жапаров кыргыз тил мыйзамы тууралуу Лавровдун сынына жооп бердиАт-Башы: салмак-көлөмдү көзөмөлдөө бекетинде иштегендер кармалдыКытайда мектептин чатыры ураганда каза тапкандардын саны 11 кишиге жеттиИИМ Кутманованын уулу уурдалганы тууралуу маалыматты четке какты Молдо Нияздын чыгармасы алгачкы жолу түрк тилинде жарык көрдүЖапаров "коррупция" беренеси менен камалган иниси жөнүндө үн катты