Кытайдын Цицикар шаарында мектептин чатыры ураганда каза тапкандардын саны 11 кишиге жетти. Жекшембиде Хэйлунцзян провинциясында болгон кырсыктын себеби азырынча аныктала элек. Жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, дүйшөмбү күнү урандынын астынан дагы бир кишинин сөөгү табылды.
Шаардын куткаруу кызматынын маалыматына ылайык, ошол маалда имаратта 19 киши бар болчу. Канчасы окуучу экении расмий маалыматта айтылган эмес. 4 киши чыгып кетүүгө үлгүргөн, 15 киши камалып калган.
Алдын ала иликтөө курулушчулар гимназиягы туташкан окуу корпусунун чатырына перлит деген материалды мыйзамсыз төшөп койгонун көрсөттү. Жаан чачын болгондо ал сууну сиңирип алып оор болуп калгандыктан, чатыр урап кеткен.
"Рейтерс" агенттиги кабарлагандай, курулуш компаниясынын жетекчилери кармалды.
Дагы караңыз
ИИМ Кутманованын уулу уурдалганы тууралуу маалыматты четке какты Молдо Нияздын чыгармасы алгачкы жолу түрк тилинде жарык көрдүУкраина: Донецкиде согушка тартылган өзбекстандык жарандар кездешетМоскванын мэри шаар дрон чабуулуна туш болгонун билдирдиЖапаров "коррупция" беренеси менен камалган иниси жөнүндө үн катты