Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху ооруканага түштү

Биньямин Нетаньяху

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху ишемби күнү кечинде Тель-Авивдеги "Шиба" клиникасына жаткырылды. Ага жүрөк аритмиясын көзөмөлдөө үчүн кардиостимулятор орнотулганын The Jerusalem Post жазды.

Басылма операция жакшы өткөнүн, Нетаньяху сот реформасы боюнча Кнессеттеги добуш берүүгө жетишүү үчүн дүйшөмбү күнү ооруканадан чыгууга үмүттөнүп жатканын белгиледи.

Парламентте 24-июлда добуш берүүгө коюла турган сот реформасы Израилде жапырт нааразылыкты жараткан.

Каршылык акциясына чыккандар күтүлүп жаткан сот реформасы өлкөгө экономикалык кедергисин тийгизерин айтышуда. Алар мындай өзгөрүүлөрдүн жыйынтыгында соттор көз карандысыздыгын жоготуп, өкмөттүн чечимдерин көзөмөлдөө кыйын болуп калат деп эсептешет. Бийлик мындай дооматтарды четке кагып келет.

Нетаньяху мыйзам долбоорун жекшемби күнү парламент кабыл аларын билдирген. Буга чейин аскерлер да сот реформасына каршы чыгып, эгер ал кабыл алынса "демократиясыз Израилде" кызмат өтөөдөн баш тартарын айтышкан.

Израилде сот реформасына каршы митингдер быйыл жазда да болуп, көчөгө 600 миңдей киши чыккан. Анда Нетаньяху мыйзам долбоорун кароо мөөнөтүн жайга жылдырууну чечкен.

Дагы караңыз

Орусия Одессага катуу сокку урду, Беларуска өзөктүк курал жеткиргени ырасталды Америка флотунун башчылыгына биринчи ирет аял киши сунушталдыЫсык-Көл облусунун башчысы жээктеги тосмонун баары алынганын айтты