Улуу Британия Олег Тиньковго каршы санкцияны токтотту

Олег Тиньков

Улуу Британия бизнесмен Олег Тиньковго каршы санкцияны жокко чыгарды. Ал 2022-жылдын мартында Лондондун санкциялык тизмесине киргизилген эле.

20-июлда Тиньковдун ысымы британ өкмөтүнүн сайтындагы санкция тизмесинен алынды.

Мурдараак британиялык миллиардер Ричард Брэнсон бийликтен Тиньковго каршы санкцияларды токтотууну суранганын Times басылмасы жазган.

Орусия Украинага согуш ачканын айыптаганына карабай, Улуу Британия былтыр мартта Олег Тиньковдун активдерин тоңдуруп, анын өлкөгө киришине тыюу салган.

Буга ишкер орус өкмөтү менен кызматташуудан каржылык пайда алганын, анын банкы Орусиянын өкмөтү үчүн стратегиялык мааниге ээ болгону, өлкөнүн каржы тармагында бизнес жүргүзгөндүгү жүйө келтирилген.

"Тинькофф банкты" негиздеген ишкер Москванын Украинадагы согушун сындап, орус жарандыгынан баш тартып, Орусиядагы негизги мүлкүн саткан.

2023-жылдын мартында Тиньков Британиянын өкмөтүнө санкциядан чыгаруу өтүнүчү менен кайрылганы белгилүү болгон.

АКШ жана Евробиримдик Тиньковго каршы чектөө киргизген эмес.

Дагы караңыз

Быйыл Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече темир жолунун 15 чакырымы курулат Кемпир-Абад иши: Сот сегиз кишини тергөө абагында калтырдыБеларус армиясы "вагнерчилер" менен биргелешкен машыгууларды баштады