Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:39

Быйыл Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече темир жолунун 15 чакырымы курулат


Жаңы темир жолунун курулушун баштоо салтанатына президент Садыр Жапаров катышкан.
Жаңы темир жолунун курулушун баштоо салтанатына президент Садыр Жапаров катышкан.

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев быйыл Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече темир жолунун 15 чакырымы куруларын билдирди.

Ал 20-июлда өкмөттүн жарым жылдык ишин жыйынтыктаган жыйынында буга чейин беш чакырымы салынганын айтты.

Былтыр жыл аягында "Кыргыз темир жолу" ишканасы Орусиянын компаниялары аталган темир жол долбооруна катышарын билдирген. Буга байланыштуу аталган мекеме "Орусиялык экспорттук борбор" жана "РЖД интернешнл" компаниялары менен 9-декабрда Бишкекте үч тараптуу меморандумга кол койгон.

Ага чейин өкмөт башчы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңеште бул долбоорду толук бүтүрүү үчүн инвестор изделип жатат деген эле.

Былтыр март айынын аягында бул темир жолдун курулушу расмий башталган. Анда "Балыкчы" станциясындагы салтанаттуу иш-чарага президент Садыр Жапаров катышып, "жаңы темир жол түйүнүнүн жерпайы түзүлүп жатканын, ал өлкөнүн келечеги үчүн зор мааниге ээ экенин" белгилеген.

Жалпы узундугу 186 чакырымды түзгөн темир жол курулушу 2030-жылга чейин аяктайт, ага кошумча инвестиция тартылбайт, анткени өлкөнүн өз каражаты жетишет деп айтылган.

XS
SM
MD
LG