21-июлда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде, Баткен облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 17…22, күндүз 30…35
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 30…35
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 19…24, күндүз 32…37
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28
Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 25…30 градус ысыйт.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 20…22°, күндүз 33…35° ысык болот.
Дагы караңыз
Аймактык реформа: Түптө 13 айыл аймагы бешке чейин азайдыАбитуриент-2023: Кесипти кантип туура тандоо керек?Тоют экспортуна быйыл да чектөө киргизилет Токмок: Секелекти зордуктаган деп айыпталган киши 15 жылга кесилдиНиколаевдеги жана аннексияланган Крымдагы соккуларда адам өмүрү кыйылды