Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:28

Токмок: Секелекти зордуктаган деп айыпталган киши 15 жылга кесилди


Кыздарды зомбулуктан коргоого арналган митинг. Ош шаары. 2023-жыл.
Кыздарды зомбулуктан коргоого арналган митинг. Ош шаары. 2023-жыл.

Чүй облустук соту 13 жашар кызды зордуктоого айыпталган адамды 15 жылга эркинен ажыраткан Токмок шаардык сотунун өкүмүн күчүндө калтырды. Бул тууралуу облустук соттун кеңсесинен маалымдашты.

Токмок шаарында 13 жашар кыздын зордукталышы боюнча иш 5 жылдан бери аягына чыкпай келген болчу.

2017-жылы өспүрүм кыз кош бойлуу болуп калгандан кийин, аны 21 жаштагы кошунасы зордуктап жүргөнү аныкталды деп укук коргоочулар айтып чыгышкан. Бирок шектүүнүн "тукумсуз" экенин айтканынан улам, бир нече жолу ДНК экспертиза жүргүзүлгөн. Ал аралыкта өспүрүм кыз төрөп, шектүү киши ымыркайдын биологиялык атасы экени аныкталган.

2021-жылы Токмок шаар соту шектүүнү секелекти зордуктоого айыптап, 15 жылга кескен өкүм чыгарган.

Кыздын жакындары Чүй облустук сотунда ишти кароо төрт жылга жакын созулганын белгилеп, зордукталган кыздын ишин көзөмөлүнө алуусун өтүнүп, президентке, Башкы прокурорго кайрылышкан.

Балдардын укугун коргоочу Назгүл Турдубекованын айтымында, 2021-жылы 300гө жакын кыз сексуалдык ыдык көрсө, 2022-жылы бул статистика эки эсеге көбөйгөн.

Былтыр Жогорку Сот 13 жаштагы дагы бир кызды зордуктоого айыпталган эки милиция кызматкеринин бирин 6,5 жылга, экинчисин 9 жылга эркинен ажыраткан. Бул иш боюнча мурда соттолгон адам 13 жылга, 21 жаштагы жаран 9 жылга кесилген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG