Пакистандын Пешавар аймагында талибдер полициянын эки кызматкерин атып өлтүрдү, дагы экөө жараат алып, бери дегенде 10 киши жараат алды. Окуя 20-июлга караган түнү Ооганстан көзөмөл өткөрүү бекетинде болду.
Полициянын башчысы Аршад Хандын айтымында, жардыргыч зат менен кол салгандар качып кеткен, аларга издөө жарыяланды. Чабуулга жоопкерчиликти ишмердигине тыюу салынган “Техрик-и-Талибан Пакистан” тобу алды.
“Техрик-и Талибан Пакистан” - 2007-жылы жергиликтүү Байтулла Мехсуд баштаган талибдер түзгөн кыймыл. Алар Пакистандын “батышчыл” бийлигине каршы күрөшүү, өлкөдө шарият үстөмдүгүн орнотуу максатын айтып келишет.
Бул топ Ооганстандагы “Талибан” кыймылына түздөн-түз тиешеси жок, бирок алар НАТО аскерлерине каршы чогуу согушуу үчүн кызматташат. Эки уюмда тең пуштундар басымдуу.
Дагы караңыз
Иранда хижаб кийбеген актриса эки жылга камалдыТөө-Ашуудагы тоннелде машина каттамга убактылуу чектөө киргизилди Жыл аягына чейин чек аранын 70 чакырымына зым тартылат