Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:26

Төө-Ашуудагы тоннелде машина каттамга убактылуу чектөө киргизилди


Бишкек-Ош жолу.
Бишкек-Ош жолу.

Бишкек-Ош кан жолундагы Төө-Ашуудагы тоннелди оңдоп-түздөө иштерине байланыштуу машиналардын каттамына убактылуу чектөө киргизилди. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин билдиришинче, чектөө 20-июлдан 26-июлга чейин созулат. Анда жол күнүгө үч маал, тактап айтканда таңкы саат 5тен 8ге чейин, күндүзгү саат 10дон 12ге чейин жана түштөн кийин саат 2ден 4кө чейин жабык болот.

Буга чейин аталган тоннелдин ичиндеги жолдун сапатына байланыштуу нааразылык көбөйгөн. Айрым учурда тыгындар дагы пайда болгон. Өткөн айда тоннелди суу каптаган эле.

Аталган министрлик май айында тоннель толугу менен оңдолорун билдирген.

Кусеин Көлбаев атындагы тоннелдин узундугу үч чакырымга жакын. Деңиз деңгээлинен 3200 метр бийиктикте жайгашкан.

Тоннелдин курулушу 1957-жылы башталып, 1964-жылы аяктаган. 1999-жылы аны Түштүк Кореянын "Самсунг" компаниясы реконструкциялаган.

XS
SM
MD
LG