Иранда хижаб кийбеген актриса эки жылга камалды

Афсона Бойеган

Ирандын соту белгилүү актриса Афсона Бойеганды хижаб кийбегени үчүн эки жылга эркинен ажыратты. 61 жаштагы актриса тасманын бет ачарына шляпа кийип келип, сүрөтүн социалдык тармактарга жайгаштырган эле.

Сот чечиминде актрисанын жаза мөөнөтү беш жылдан кийин күчүнө кирери айтылат. Ошондой эле Афсона Бойеганга эки жылга интернет колдонууга тыюу салынды. Чечимде ал "катасын түшүнүү үчүн жума сайын психологго кайрылышы керектиги" жазылган.

Афсона Бойеган 1960-1970-жылдары Иранда эң таанымал актриса болгон. Ал Ислам революциясынан эки жыл мурун, 1976-жылы "Иран сулуусу" сынагына катышкан.

16-июлда Иран өкмөтү аялдардын паранжа жана хижаб кийишин көзөмөлдөөчү адеп-ахлак полициясы кайра иштей баштаганын жарыялаган эле.

Былтыр сентябрда аталган полициянын кызматкерлери 22 жаштагы студент Махса Аминини хижаб кийүү эрежесин бузду деп кармагандан кийин ал камакта жатып каза болгон. Бул окуядан кийин өлкөдө нааразылык акциялары күчөгөн эле. Эл аралык уюмдар Иран бийлиги демонстрацияларды күч менен басууга аракет кылганда бери дегенде 500 киши өлгөнүн маалымдашкан. Жүздөгөн адам кармалып, айрымдары дарга асылган.

Дагы караңыз

Ибраев энергетика тармагына өзгөчө кырдаал киргизүүнү сунуштады Жапаров экономиканын бардык багыттарында өсүш болуп жатканын айтты УКМК АКШнын санкциялык чектөөсүн бузууга байланыштуу иликтөө баштады