Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:09

Жапаров экономиканын бардык багыттарында өсүш болуп жатканын айтты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда быйыл биринчи жарым жылдыкта экономиканын бардык багыттарында өсүш болду. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда өкмөттүн соңку алты айдагы ишинин жыйынтыгын чыгарган жыйында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди:

“Биз макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кыла алдык. Экономикалык өсүштүн темпи 3,9% түздү. Эгерде Кумтөрдү эсепке албасак, анда 5,2% өсүшкө жетиштик. Өнөр жайда 0,5%, айыл чарбасында 2,5%, курулушта 11,2% өсүш болду. Экономиканын бардык секторлорунда өсүш катталды. Салык жана бажы операцияларын башкарууну, фискалдаштырууну жакшыртуу аркылуу республикалык бюджет алты айда профицит менен аткарылды 2,34 миллиард сом суммасында”.

Быйылкы жылдын биринчи жарымында Кыргызстандын негизги экономикалык көрсөткүчтөрүндө жалпысынан өсүш болгонун Статистика комитети билдирген.

Өкмөт жыл жыйынтыгында "өсүш 4,5% болот" деп болжолдосо, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) Кыргызстандын экономикасы 2023-жылы 7%, 2024-жылы 7,2% темп менен жогорулайт деген божомол берген. Бийлик планга жетпей жаткан себебин Кумтөрдө кендин курамынан алтын азыраак табылып жатканы менен байланыштырууда. Бирок өкмөт жалпы көрсөткүчтөр жыл аягына чейин түздөлөт деп ишенип жатат.(RK)

XS
SM
MD
LG