Маршруттук автобус кырсыгы: Реанимациядагы үч бейтаптын абалы оор

Бишкек шаардык Тез жардам клиникалык ооруканасы.

Бишкектин четиндеги Ак-Ордо-3 конушунда кырсыкка кабылган маршруттук кичи автобустун реанимацияга түшкөн төрт жүргүнчүсүнүн биринин абалын дарыгерлер өтө оор, дагы экөөнүкүн оор деп баалап жатышат. Бул тууралуу бүгүн 20-июлда “Азаттык” радиосуна Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ал эми төртүнчү бейтап, мекеменин маалыматына караганда, абалы жакшырып, реанимациядан жалпы бөлүмгө которулду.

Калгандары травматология жана хирургия бөлүмдөрүндө дарыланууда.

"Алган жарааттары ар түрдүү. Көбү мээси чайкалгандар. Кабыргасы сынгандар бар, бирөөнүн жамбашы сынган", - деп билдирди жол кырсыгынан жабыркаган бейтаптар түшкөн Тез жардам ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Илимбек Манапов.

19-июлда болгон бул жол кырсыгынан бир жүргүнчү мерт кеткен, жараат алган 23 адамдын 12си ооруканага жеткирилген, алардын төртөө реанимацияга жаткырылган.

Кырсыктын интернетте тараган видеосунан 169-кичи автобус жол боюна токтоп, жүргүнчү салгандан кийин жыла баштаганда артынан катуу ылдамдыкта келе жаткан фура сүзгөнүн көрүүгө болот.

Чүй милициясы окуя Сокулук районуна карштуу Ак-Ордо-3 конушунда болгонун, “Мерседес Бенц” үлгүсүндөгү 169-кичи автобусту “SCONIA R-124” үлгүсүндөгү чоң жүк ташуучу машина сүзгөнүн, анын 32 жаштагы айдоочусу кармалганын билдирген.

Кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин "Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу" деген 312-беренеси менен козголуп, тергөө жүрүп жатат. (MKt)

Дагы караңыз

Камчыбек Ташиев кримтөбөлдөрдү өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырды Жапаров экономиканын бардык багыттарында өсүш болуп жатканын айтты Өкмөт жыйыны: Кумтөрдүн акчасынан улам Кутмановага доомат айтылды АКШ Кыргызстанга экономикалык чара көрөбү?