УКМК милициянын капитанын акча алган деген шек менен кармады

Милициянын капитаны кармалганы тууралуу УКМК тараткан сүрөт. 19-июль, 2023-жыл

Милиция кызматкеринин акча алып кармалышына байланышкан иш боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы УКМКга жеткирилди.

Бул тууралуу атайын кызмат 19-июлда кабарлады. Буга чейин мекеме анын кол алдындагы кызматкерди кармаган.

Мекеме анда А.Ч. инициалындагы милициянын улук тергөөчүсү, капитан акча алып жаткан жеринен кармалганын, ал аты аталбаган адамдардан жума сайын 10-15 миң сомдон алып турганын маалымдаган.

Шектүү тарап жана шаардык милиция УКМКнын маалыматына комментарий бере элек. (ZKo)

Дагы караңыз

"Октябрь" кинотеатрынын имараты Чүй облустук театрына берилдиКамчыбек Ташиев кримтөбөлдөрдү өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырды Жапаров экономиканын бардык багыттарында өсүш болуп жатканын айтты АКШ Кыргызстанга экономикалык чара көрөбү? Мамлекеттик тилдин макамы, Орусиянын реакциясыОрусия украин портторуна кеме жөнөтүүнүн "кесепетин" эскертти УКМК АКШнын санкциялык чектөөсүн бузууга байланыштуу иликтөө баштады