Алматы облусунун полиция департаментинин мурдагы башчысы, Январь окуялары боюнча 10 жылга кесилген Серик Күдебаев тергөө маалында Кыргызстан аркылуу качканы үчүн дагы алты айга эркинен ажыратылды.
Өкүм чыкканга чейинки тергөө абагында отурган мөөнөттү эске алуу менен жалпы 10 жыл, үч айга кесилди.
Кеген райондук сотундагы акыркы сөзүндө Күдебаев качканы үчүн күнөөлүү экенин толук мойнуна алып, бул үчүн айып пул салууну өтүндү.
Апрель айында соттун жүрүшүндө 58 жаштагы Күдебаев өлкөдөн чыгып кеткени маалым болгон. Чек ара кызматы ал тоолор аркылуу Кыргызстанга өтүп кеткен болушу мүмкүн экенин билдирген.
Казакстандын башкы прокурорунун орунбасары Жандос Умиралиев Күдебаевдин качып кетишине байланыштуу Кыргызстанда кылмыш иши ачылганы кабарлаган.
Бир нече аптадан кийин казак бийлиги Күдебаев Түркияда кармалып, Алматыга кайтарылганын маалымдаган.
28-апрелде сот Күдебаевди Январь окуялары маалында "кызматынан кыянат пайдаланган" деген айып менен он жылга кескен. Тергөөнүн маалыматына ылайык, Серик Күдебаев январь айындагы башаламандыктар убагында "полиция департаментин таштап кетип, кыйноолорду уюштурган".
Күдебаев өзү тагылган айыптардын баарын четке кагып келет.
Дагы караңыз
Жоокерлерди кызматта мөөнөтүнөн ашык кармоого укук берилдиБыйыл он жолу интервенция жасалып, 500 миллиондон ашык доллар сатылды Эл аралык метеорологиялык уюм аптап дагы кызый турганын айтты