Орус армиясынын башаламан аткылоосунан төрт киши набыт болду

Орус армиясынын дрондор менен жасаган чабуулунан бузулган имарат. 18-июль, 2023-жыл. Одесса. Украин куралдуу күчтөрүнүн "Түштүк" бөлүмүнүн маалымат кызматы тараткан сүрөт.

18-июлдун таңында орус армиясынын дрондор менен койгон чабуулунан Донецк облусунда үч карапайым тургун мерт болду.

Бул тууралуу облус губернатору Павел Кириленко билдирди.

Өлкө түштүгүндөгү Запорожье облусунда Орехов шаарын аткылоодон бир аял набыт болгонун аймак башчысы Юрий Малашко кабарлады.

Бириккен Улуттар Уюму билдиргендей, Орусия толугу менен согуш ачкан 2022-жылдын февраль айынан тарта, ушул жылдын июль айына чейин Украинада 9 177 карапайым тургундун өмүрү кыйылды, 15 миңден ашууну жараат алды.

Ал эми согуш талаасында украин күчтөрү Бердянск жана Мелитополь багыттарында контрчабуулду улантты.

Генерал Александр Сырский 18-июлда Телеграмга жазгандай, кырдаал Харьков облусунун чыгышындагы Купянск аймагында оорлошту.

"Кырдаал оор, бирок көзөмөлдөсө болот. Душман Бахмут тарапка резервдерин жөнөтүп, биздин контрчабуулду токтотууга аракеттенип жатат", - деди Сырский.

Буга чейин Одесса жана Николаев шаарларына орус армиясы дрон менен чабуул койгону кабарланган. Орусиянын Коргоо министрлиги өч алуу максатында сокку урулганын билдирип, анын жыйынтыгында күйүүчү май сакталган кампа жок кылынганын кошумчалады.

Николаев облусунда жанкечти-дрондордун чабуулунан кийин өрт тутанганы маалым болгон. Украин Телеграм-каналдары жазгандай, тилсиз жоо порттун аймагын каптаган. Маалыматты администрация жетекчиси Виталий Ким да ырастап, өрт кайда болгонун тактаган эмес.

"Өрттү өчүрүп жатабыз. Алдын-ала маалыматтарга караганда, курман болгондор жок", - деп жазды Ким Телеграмга.

Николаев калаасынын мэри Александр Сенкевич өрт олуттуу экенин, жеринде тиешелүү кызматтар иштеп жатканын, толук маалымат кийинчерек берилерин кошумчалады.

Дагы караңыз

Эл аралык метеорологиялык уюм аптап дагы кызый турганын айтты Жоокерлерди кызматта мөөнөтүнөн ашык кармоого укук берилдиАба ырайы: 40 градуска чейин ысык болот