18-19-июлда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө күндүз 35…40° чейин, Талас облусунун өрөөндөрүндө 33…38° чейин жетет.
18-июлда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 20…25, күндүз 34…39;
Талас облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 33…38;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 20…25, күндүз 35…40;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 25…30;
Нарын облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 28…33 градус ысыйт.
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 23…25°, күндүз 36…38° ысык болот.
Дагы караңыз
Израилде сот реформасына каршы чыккан 17 киши кармалды"Агрессияны колдогондор келбесин". Сындын чордонунда калган орусиялык ырчылар Шайлоочу шаабайы эмнеден сууду? Добуш бербегендерге айып салуу сунушу