"Вагнерчилердин" өлүмүнө шектүү кыргызстандык кармалганы кабарланды

Иллюстрациялык сүрөт. Москвадагы "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын кеңсеси.

Орусиялык Телеграм каналдар "Вагнер" менчик аскердик компаниясынын эки жоочусун өлтүрүүгө шектүү катары Кыргызстандын Ярослав Шеховцов аттуу жараны кармалганын жазышты. Воронеж облусунда "Вагнер" компаниясынын формасын кийген эки адамдын сөөгү 6-июлда табылган. Алардын тек-жайы айтылган жок.

Baza жана Astra Телеграм каналдары жазгандай, 25 жаштагы Шеховцев өзү да "Вагнерде" жалданып кызмат өтөрүн, ал эми эки жоочуну "куралдуу козголоңго" катышуудан баш тартканы үчүн өлтүргөнүн мойнуна алган.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Шеховцев тууралуу тактоо иштери жүрүп жатканын билдирди.

Евгений Пригожин 23-24-июнь күндөрү "куралдуу козголоң" уюштуруп, Москваны көздөй жөнөгөн. Баш калаага аз калганда ал артка кайтарын жарыялаган.

Бир катар Батыш өлкөлөрү террордук түзүм катары тааныган "Вагнер" тобу Орусияда абактарда отургандарды, мигранттарды, анын ичинде борбор азиялыктарды да согушка азгырганы же ал жакка барууга мажбурлаганы кабарланып келет.

Кыргызстандык мигранттар Москвада Украинадагы согушка чакырган баракчалар көчөлөрдө таратылып жатканын билдирген.

"Азаттык" согушка тартылган сегиз кыргызстандык орус түрмөлөрүндө каза тапканын тактаган.

Дагы караңыз

Россельхознадзор Кыргызстандын сүт завод, балык чарбаларын онлайн текшерет Пенсиянын камсыздоо бөлүгүн 500 сомго көбөйтүү сунушталуудаСогуш жана санкция: Орусия Борбор Азияны кантип колдонууда?Жыргалбек Шакиев Бишкектеги Ленин районунун акими болуп дайындалды "Кайрылман" макамын алуу тартиби жеңилдеди