Жоокерлерди кызматта мөөнөтүнөн ашык кармоого укук берилди

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн жоокерлери. Иллюстрациялык сүрөт.

Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысына милдеттүү жоокерлерди белгиленген мөөнөтүнөн эки айга чейинки убакытка аскерде калтыруу укугу берилди. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров 18-июлда кол койду.

Анда штаб башчысы тиешелүү күч түзүмүнүн жетекчисинин өтүнүч катынын негизинде аскердин кызматтагы мөөнөтүн узартат.

"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" мыйзам боюнча жогорку аскердик окуу жайды аяктаган кызматкерлердин келишимдик аскер кызматынын мөөнөтү да 5 жылдан 10 жылга узартылды.

Аталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 7-июнда кабыл алган.

Кыргызстанда милдеттүү түрдө аскерде кызмат өтөө мөөнөтү - бир жыл. Жашы 18ге толгон, аскерге жарамдуу эркек балдар өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнө, башка аскердик түзүмдөрүнө милдеттүү аскердик жана альтернативдик кызматка чакырылат.

Милдеттүү түрдө армияга кызмат өтөөгө чакыруу өнөктүгү күзүндө жана жазында болот. (ZKo)

Дагы караңыз

Түштүк Кореяда сел менен жер көчкүдөн кеминде 40 киши каза таптыШайлоочу шаабайы эмнеден сууду? Добуш бербегендерге айып салуу сунушуДиплом чыры: Исмаилов менен Алимжановдун доо арызы сотто каралуудаПутин Крым көпүрөсүндөгү жардырууга "жооп болорун" айтты"Агрессияны колдогондор келбесин". Сындын чордонунда калган орусиялык ырчылар "Эки саат сурак бердим". Таза сууга талап кантип саясатташты?