Жарандыгын алмаштырган орусиялык спортчулар кенемте төлөөгө милдеттендирилет

Орусиялык спортчулардын Олимпиадага катышуусуна каршы акция, Чехия. Февраль, 2023-жыл.

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын Дене тарбия жана спорт боюнча комитети даярдап жаткан мыйзам долбооруна ылайык, эми жарандыгын алмаштырган орусиялык атлеттер акча төлөөгө милдеттендирилет. Бул тууралуу ТАСС агенттиги кабарлады.

Маалыматка караганда, Орусиянын курама командасына кирген же талапкер болгон спортчу эл аралык мелдештерге катышуу үчүн башка өлкөлөрдүн федерацияларында катталган болсо, анда аны "машыктырып даярдаган" орусиялык федерацияга кенемте төлөшү керек болот.

Орусиялык машыктыруучулар менен спорт клубдарынын чыгымдары кандай суммага баланганын Спорт министрлиги санап чыкмакчы.

Комитеттин төрагасы Дмитрий Свищёв салык төлөөчүлөрдүн акчасын кайтаруу зарыл деп билдирди.

олод" басылмасы бир нече кун мурун жарыялаган маалымат боюнча былтыртан бери 200дөн ашуун орусиялык спортчу эл аралык мелдештерге катышуу үчүн жарандыгын алмаштырды же алмаштырууга камданууда.

Орусия Украинага толук кандуу согуш ачкандан кийин Эл аралык Олимпиада комитети баш болгон бир катар спорттук ассоциациялар Орусия менен Беларуска санкцияларды киргизишкен. Бул мамлекеттердин спортчулары эл аралык мелдештерге нейтралдуу желектин алдында катыша алышат. Ал эми айрым спорттук иш-чараларга катышууга тыюу салынган.

Кыргызстандын Футбол бирлиги орусиялык Антон Коченков быйыл апрелде Кыргызстандын жарандыгын алганын билдирген. Ал Орусинын "Локомотив", "Краснодар", "Арсенал" (Тула) жана башка клубдарында ойногон. Жеңил атлетика федерациясы жөө күлүк, Орусиянын курама командасынын мурдагы мүчөсү Сардана Трофимова былтыр кыргыз жарандыгын алып, эми эл аралык мелдештерге Кыргызстандын атынан катышып жатканын маалымдаган.

Дагы караңыз

Дан келишиминен чыккандан кийин Орусия портторго сокку урдуРоссельхознадзор Кыргызстандын сүт завод, балык чарбаларын онлайн текшерет Быйыл он жолу интервенция жасалып, 500 миллиондон ашык доллар сатылды Ысык-Көлдүн 215 гектары тазаланды, 10 тоннадан ашык таштанды чыгарылды Улуттук банк жыл башынан бери сыртка 4 тоннадай алтын сатты Түштүк Кореяда сел менен жер көчкүдөн кеминде 40 киши каза тапты