Крым көпүрөсүндө жардыруу болду

Крым көпүрөсүндө турган полиция кызматкерлери. 17-июль, 2023-жыл. Орусия аннексиялап алган Украинанын Крым аймагы. Сергей Мальгавко/ТАСС

Москва аннексиялап алган Крымды Орусия менен байланыштырган негизги көпүрөдө жардыруу болду. Орус бийлиги 17-июлга караган түнү болгон окуяны "теракт" деп атап, Украинанын атайын кызматтарына доомат артты. Жардырууда эки адам мерт болуп, бир өспүрүм жаракат алганы кабарланды. Украин армиясынын өкүлү чабуул "Орусиянын чагымы" болушу мүмкүн экенин билдирди. Ал арада Москва украин данын экспорттоого жол ачкан келишимден чыкканын жарыялады.

Орусиянын Террорчулукка каршы улуттук комитети түнкү үчтөрдө көпүрөгө "Украинанын дрондору чабуул койгонун" билдирди. Тергөө комитетинин маалымат катчысы Светлана Петренко учурда Украинанын атайын кызматынын жана куралдуу түзүмдөрүнүн арасынан "кылмышты уюштурууга тиешеси бар адамдар" аныкталып жатканын маалымдады.

"Крым көпүрөсүнө зыян келгенине байланыштуу Тергөө комитети Орусиянын Кылмыш кодексинин 205-беренесине ылайык кылмыш ишин козголду, бул террордук акт дегенди билдирет. Тергөөнүн маалыматына ылайык, 16сынан 17сине караган түнү Украинанын атайын кызматтары ишке ашырган теракттын жыйынтыгында Крым көпүрөсүнүн бир секциясы жабыркады. Жеңил автоунаада бараткан эки жаран, бир аял, бир эркек мерт кетти. Алардын жашы жете элек кызы жаракат алып, ага медициналык жардам көрсөтүлүп жатат", - деди Тергөө комитетинин маалымат катчысы Светлана Петренко.

Кремлдин маалымат катчсысы Дмитрий Песков билдиргендей, Орусиянын президенти Владимир Путин 17-июлдун кечинде Крым көпүрөсүндөгү кырдаал боюнча жыйын өткөрөт.

Былтыр октябрда Орусия Украинага кол салганы биринчи жолу Крым көпүрөсүндө жарылуу болгон. Москва анда да Киевден көрүп, окуядан кийин Украинанын аймактарын аткылоону күчөткөн. Расмий Киев ал окуя үчүн ачык жоопкерчилик алган эмес.

Жарылуудан кийин күбөлөр социалдык тармактарга жайгаштырган кадрлар:

Көпүрөдөгү чектөөлөр

Европадагы эң узун көпүрө деп саналган 19 чакырымдык Крым көпүрөсүнүн ачылышына 2018-жылы Орусиянын президенти Владимир Путин өзү катышкан жана бул объект Орусиянын Крым жарым аралындагы бийлигин күчтөндүрүү аракети деп мүнөздөлгөн. Расмий Москва бул көпүрөнү "улуттук сыймык" катары көрсөтүүгө аракет кылып келген.

Бир жылга жетпеген убакыт ичиндеги экинчи жардыруудан кийин Крым көпүрөсүндөгү автоунаалардын кыймылына убактылуу тыюу салынды. Жергиликтүү тургундарга жана туристтерге Украинанын Орусия көзөмөлдөп турган аймактары аркылуу айланып өтүү сунушу берилди. Өкмөткө караштуу «Главный мост» телеграм каналы Крымга барчу маршруттардын картасын жарыялады. Анда Мариуполь, Бердянск жана Мелитополь аркылуу өтүү сунуштарын көрүүгө болот. Бул чечимди сынга алгандар да бар.

"Аксенов (Крымдын Орусия дайындаган губернатору Сергей Аксенов-ред.) Керч көпүрөсү аркылуу эмес, «Орусиянын жаңы аймактары аркылуу» өтүүнү буйруду. Аларды контрчабуулга даярданып жаткан украин танктарын көздөй жиберип жатышат. Жергиликтүү жана федералдык бийликтин акылсыздыгын эске алганда мунун жыйынтыгы орусиялыктар үчүн кандай болору белгисиз", - дейт социолог Игорь Яковенко «Настоящее время» каналына курган маегинде.

Краснодар аймагынын транспорт кызматы билдиргендей, Крым көпүрөсүнүн кире беришинде үч чакырымдай автотыгын пайда болду. Орус бийлиги кийинчерээк көпүрө аркылуу темир жол каттамы калыбына келтирилгенин билдирди.

Украинанын Коопсуздук кызматы Крым көпүрөсүндө эмне болгонун Киевдин согуштагы жеңишинен кийин ачык айта турганын билдирди. Ал эми Башкы чалгын кызматынын жетекчиси Кирилл Будановдун «Крым көпүрөсү ал жакта ашыкча конструкция» деген сөздөрүн келтирди.

Украин куралдуу күчтөрүнүн түштүктөгү бөлүктөрүнүн маалымат борборунун жетекчиси Наталья Гуменюк көпүрөдөгү жардыруу "Орусиянын чагымы" болушу мүмкүн экенин айтты.

Ал орус бийлигинин билдирүүлөрүнөн күмөн саноо керек экенин билдирип, жакында эле баскынчыл бийлик көпүрөнү кайтарууну күчөткөнүн кошумчалады. Гуменюк ошондой эле бул кырдаалды Орусия дан келишиминен чыгуу үчүн пайдаланышы ыктымал экенин кошумчалаган.

Москва дан келишиминен чыкканын жарыялады

Көп өтпөй эле Москва Украинанын данын Кара деңиз аркылуу экспорттоого жол ачкан макулдашуудан чыкканын билдирди. Бириккен Улуттар Уюмунун жана Түркиянын ортомчулугу менен түзүлгөн дан келишиминин мөөнөтү 17-июлдун түнүндө аяктайт.

Украинанын согуш жүрүп жаткан аймактарындагы эгин талаалары, 4-июль 2022-жыл.

Кремлдин жүйөсүнө ылайык, келишим күчүндө маалында орус жер семирткичтери жүктөлгөн бир да кеме экспортко чыккан эмес. Ошондой эле Орусия Россельхозбанктын эл аралык SWIFT системасына кошулуусун талап кылган.

Буга чейин БУУ менен Түркия дан келишимин узартуунун үстүндө иштеп, Москваны сөзгө келүүгө чакырып жатканы кабарланып келген. Украин данынын экспортунун токтошу жакыр мамлекеттерде азык-түлүк кризисин тереңдетиши мүмкүн.

Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Москванын бул келишимди токтотуп жатканын айыптады. Ал Евробиримдик дүйнө калкынын аялуу катмарын азык-түлүк менен камсыздоо багытындагы аракеттерин уланта берерин билдирди.

АКШнын Бириккен Улуттар Уюмундагы өкүлү Линда Томас-Гринфилд Кремлдин кадамын "ырайымсыздык" деп атады. Ал 17-июлда БУУнун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында журналисттерге сүйлөгөндө "Орусия саясий оюн менен алек болуп турганда карапайым адамдар жапа чегип жатат" деп айтты. Ак үй Москванын чечими “азык-түлүк коопсуздугун начарлатарын, миллиондогон адамдарга зыян келтирерин” билдирди.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Киев Орусия келишимге катышпаган шартта да дан экспортун улантууга даяр экенин айтты.

Орусия Украинага согуш ачкандан бир нече ай өткөндөн кийин Кара деңиз аркылуу дан экспорттоо токтоп калган. Бул жагдай дүйнөдө азык-түлүктүн кымбатташына алып келген.

Киев менен Москва Түркия жана БУУнун ортомчулугу алдында дан экспортун кайра жандантуу келишимине былтыр 22-июлда Стамбулда кол коюшкан. Келишимдин мөөнөтү эки жолу узартылды. Андан бери Украинадан 30 миллион тонна буудай жана башка айыл чарба азыктары экспорттолду.