Президент жол куруу техникасына 5 млрд. сом бөлүнгөнүн билдирди

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине тапшырылган техника.

Президент Садыр Жапаров 17-июлда Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жол курууга керектүү техника тапшырды. Анын басма сөз кызматынын билдиришинче, 265 даана техника мамлекеттин эсебинен сатылып алынды. Ага ылайык, аны алууга жалпысынан 5 миллиард сом бөлүнгөн жана 2026-жылга чейин баш-аягы 700 техника алынат.

“Акыркы үч жылда өлкөдө миң чакырымдан ашык жол курулуп, оңдоодон өттү. Ар бир долбоор өзгөчө көзөмөлгө алынып, жумуштар өз учурунда жана сапаттуу аткарылышы зарыл. Алдыбызда масштабдуу, бийик жоопкерчиликти талап кылган ири долбоорлор турат",-деген Садыр Жапаров.

Өткөн айда аталган министрликке 80ден ашык жаңы техника тапшырылган.

Быйыл өлкөдө 855 чакырым жолду куруу жана оңдоо пландаштырылганы айтылган.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстан ушул убакытка чейин автожолдорду куруу үчүн эл аралык каржы уюмдарынан 2 миллиард 540 миллион доллар насыя алган.

Парламентте буга чейин насыялар өзүн актабай, жол салууда коррупция тыйылбай келатканы тууралуу сын-доомат айтылган. Кыргызстан негизги жолдорду курууга насыянын басымдуу бөлүгүн Кытайдан алган.

Дагы караңыз

Бишкекте газ койдурууга жеңилдетилген насыя берүү башталат Кыргыз-өзбек чек арасынын жанынан майнинг жабдуулары табылды АКШ Орусияга дан келишиминен чыгуудагы кесепетти эскертти Бишкек мэриясы “Менин шаарым” тиркемеси ишке киргенин билдирди УКМК улут аралык кастыкты козутууга шектүү кармалганын кабарлады Иранда адеп-ахлак полициясынын күзөтү кайра жанданды