Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:35

Кыргыз-өзбек чек арасынын жанынан майнинг жабдуулары табылды


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Чек ара кызматы Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунда кыргыз-өзбек чек арасына жакын жерде майнингге керектүү жабдуулар табылганын билдирди. Расмий маалыматка ылайык, чек арачылар Жаңы-Шаар калктуу конушунда насос станциясынан табышкан.

"Керектүү документтер толтурулгандан кийин алынган жабдуулар Улуттук коопсуздук комитетинин аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди",-деп жазылган маалыматта.

Чек ара кызматы канча жабдуу алынганын тактаган жок.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) буга чейин мыйзамсыз иштеген майнинг-фермалар табылганын билдирди.

Өлкөдө электр энергиясынын жетишсиздигинен улам майнинг ишканаларына жарык берүүгө тыюу салган.

Электрондук валюта чыгарган компаниялар майнинг-ферма деп аталат. Алар көптөгөн компьютерлердин жана серверлердин жардамы менен татаал техникалык тапшырмаларды чечүү аркылуу жаңы криптовалюта чыгарат. Бул үчүн электр энергиясын өтө көп колдонулат, токту суткасына 24 саат, жыл бою үзгүлтүксүз алып турушу керек.

Кыргызстанда электрондук акча чыгарган компанияларга тыюу салынган эмес, бирок электрдин аздыгынан аларга ток берилбей келатат.

XS
SM
MD
LG