Орусия Крым көпүрөсүндөгү жардырууну Украинадан көрдү

Аскердик кеме Крым көпүрөсүнө жакын сүзүп баратат. Крым, 17-июль, 2023-жыл.

Орусиянын Улуттук антитеррордук комитети аннексияланган Крымдагы көпүрөнүн жардырылышын террордук акт деп атап, Тергөө комитети кылмыш ишин козгоду. Москва ага Украинанын эки учкучсуз учагы чабуул койгонун билдирүүдө.

17-июлга караган түнү Крым көпүрөсүндө жарылуу болуп, жол кыймылы токтоп калды. Телеграм-каналдар көпүрөнү тиреген конструкция жардырылганын кабарлашты. Мурдараак Орусиянын Транспорт министрлиги трассага гана зыян кетирилгенин билдирген.

Орусиялык Baza жана 112 Телеграм-каналдары өз булактарына таянып, көпүрөдө бараткан машинада белгороддук үй-бүлө - күйөөсү менен аялы каза тапканын маалымдашты. Кийинчерээк Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков муну тастыктады.

"РБК-Украина" жана "Украинская правда" басылмалары коопсуздук кызматындагы булактарына таянып, Крым көпүрөсүндөгү түнкү чабуул - Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн операциясы экенин жазган.

Киев окуяга расмий комментарий бере элек.

Былтыр октябрда Крым көпүрөсүндө оор машина жарылып, күйүүчү май ташыган поезд өрттөнүп, көпүрөнүн бир бөлүгү жарактан чыккан.

Дагы караңыз

Депутат Жусупов курулуш компаниясы тууралуу даттанууларга жооп кайтарды Блогердин иши: соттун чечими, дарыгерлердин кайрылуусу Кыргыз-өзбек чек арасынын жанынан майнинг жабдуулары табылды