Бишкекте газ койдурууга жеңилдетилген насыя берүү башталат

Бишкекте газдаштыруу маселеси айрыкча кыш мезгилинде, ыш көйгөйүнөн улам көтөрүлүп келет. 

"Газпром Кыргызстан" ишканасы менен "РСК Банк" "Газдаштыруу" деп аталган программанын негизинде насыя бере баштайт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Ага ылайык, газ койдурууну каалагандарга 150 миң сомго чейин төмөнкү пайыз менен күрөөсүз, кепилдиксиз жана баштапкы төлөмү жок насыя бериле баштайт.

"Каржылык мүмкүнчүлүгүнө жараша насыяны төлөө үчүн эң ыңгайлуу мезгилди кардар өзү тандайт. Үч айдан эки жылга чейинки мөөнөттү тандаса болот. Бишкектеги акимчиликтерге жеңилдетилген насыя берүүнүн негизинде газ менен жылытууга кошуу тууралуу тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды",-деп жазылган маалыматта.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ушул айдын башында Санкт-Петербург шаарындагы сапары алкагында "Газпром" компаниясынын башчысы Алексей Миллер менен жолуккан. Өкмөттүн басма сөз кызматы анда газ менен камсыздоо жаатында эки-өлкөнүн алака-катышы талкууланганын билдирген.

Жыл башында өкмөт башчы Бишкектеги ыш көйгөйүнөн улам шаардын жака белиндеги 20 конушту жакын арада газдаштыруу керектигин билдирген. Ал тиешелүү министрликтерге жана Бишкек шаардык мэриясына бул жаатта “Газпром” менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү тапшырган.

Шаардын жака-белиндеги 50гө жакын конуштун 27си газдаштырылган.

2014-жылы Кыргызстандын “Кыргызгаз” ишканасы символикалуу түрдө Оруcиянын “Газпромуна” 1 АКШ долларына сатылып, “Газпром-Кыргызстан” компаниясы түзүлгөн. Кийин ага "Ошгаз" ишканасы да өткөн.

Ортодо түзүлгөн келишимде компания Кыргызстандын аймактарына газ түтүктөрүн орнотуп, бул багыттагы инфраструктураны өнүктүрүүгө беш жыл ичинде 20 млрд. рубл жумшоону убада кылган.

Дагы караңыз

Кыргыз-өзбек чек арасынын жанынан майнинг жабдуулары табылды АКШ Орусияга дан келишиминен чыгуудагы кесепетти эскертти Бишкек мэриясы “Менин шаарым” тиркемеси ишке киргенин билдирди УКМК улут аралык кастыкты козутууга шектүү кармалганын кабарлады Иранда адеп-ахлак полициясынын күзөтү кайра жанданды Сары-Өзөндө тургундар акциядан кийин камалган үч кишини бошотууну талап кылышты