Аба ырайы: айрым аймактарда өткүн өтөт

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 17-июлда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ош облусунун өрөөнүндө, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт.

Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымалю Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 17...22, күндүз 34…39;

Таласта түнкүсүн 12...17, күндүз 31…36;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 20…25, күндүз 34…39;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 15...20, күндүз 28...33;

Нарын облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 28…33 градуска жетет.

Бийик тоолуу райондордо 1…6, күндүз 13…18 градуска жетет

​Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 20…22, күндүз 36…38 градус болот.

Дагы караңыз

Украина: Орусиянын соккусунда бир нече жай тургун мерт кеттиУкраина 50дөн ашык орусиялык жаранды согуш кылмышкери деп таптыОрусияда дагы бир генерал кызматтан алынганы кабарланды Карыбек уулунун бөгөт чарасын караган сотто видео тартууга тыюу салынды Селекциядагы акциядан кийин камалгандардын бөгөт чарасы 17-июлда каралат