Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:39

Карыбек уулунун бөгөт чарасын караган сотто видео тартууга тыюу салынды


Ош шаардык сотунун кире бериши.
Ош шаардык сотунун кире бериши.

Ош шаардык соту блогер Улукбек Карыбек уулунун кармалышынын мыйзамдуулугун жана анын бөгөт чарасын кароону улантууда. Судья отурумду видео, сүрөткө тартууга уруксат берген жок. Блогерди колдоп келгендер буга нааразылыгын билдирип, сот ачыктыгы сакталбай жатканын белгилешти. Адвокат Жылдыз Кадырова видео тартуу боюнча сотко кайрадан өтүнүч келтирерин айтып, аларды мыйзамга баш ийүүгө чакырды.

16-июлда саат 10:00гө белгиленген отурум жактоочу иш менен таанышуу үчүн убакыт сурагандыктан үч саат кечигип башталды. Социалдык тармактардагы видеолорго караганда, сот залына Карыбек уулунун жакындары, колдогондор болуп 50дөй киши топтолушту. Алар блогерди бошотууну талап кылып жатышат.

15-июлда Карыбек уулу "бейбаштык" беренеси менен козголгон кылмыш иштин алкагында Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камалганы белгилүү болгон.

Ага чейин Улукбек Карыбек уулун Бишкектен милиция кызматкерлери кармап, Ош шаарына алып кеткенин досу Кубан Садыров билдирген.

Ош шаардык милициясынын басма сөз катчысы Абсаттар Тавакалов Ош облустар аралык клиниканын төрөт стационарынын башкы дарыгери блогерге чара көрүүнү өтүнүп кайрылганын "Азаттыкка" ырастаган. Ал 7-июлда белгисиз журналисттер төрөт үйүнө уруксатсыз кирип келип, видео тасмага тартып, жумушка тоскоолдук жаратып жатканын билдирген.

Ош шаардык милициясы билдиргендей, блогерлер төрөт үйүнүн эки кызматкерине баш бербей түртүп кирген, жаңы көз жарган он чакты келинден маек алган. Блогердин аракетинен улам аталган оорукана 37 миңге жакын материалдык зыян тарткан.

Ички иштер министрлиги блогер Улукбек Карыбек уулуна байланыштуу башка иш боюнча топтолгон материалдар Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна жиберилгенин 15-июлда кабарлады. Блогер "милициянын мыйзамдуу талаптарына баш ийген эмес" деп шек саналууда.

ИИМдин маалыматына ылайык, 2023-жылдын 10-июлунда блогер Саламаттык сактоо министрлигинин имаратына видео тартуу тобу менен кирип барган. Күзөт кызматы аларды министрдин иш бөлмөсүнөн чыгуусун өтүнгөн учурда ЖМК жөнүндө мыйзамга таянып өздөрүн орой алып жүрүп, коомдук тартипти бузган.

Жогорудагы аталган факт Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталган.

Улукбек Карыбек уулу мыйзам бузбаганын жана бейбаштык кылбаганын билдирген видео таратты. Ал өзү дагы видеоаппараттарын тартып алууга аракет кылган дарыгерлерге карата арыз жазганын, бирок ал каралбай жатканын айткан.

Улукбек Карыбек уулунун Ютубдагы каналына 500 миңден ашык адам катталган. Ал мамлекеттик мекемелердеги коррупциялык иштер, тейлөөнүн сапаты боюнча видеолорду жарыялап турат.

12-июлда “Ош облустук оңолбос төрөт үйү” деген материал чыгарган. Анда төрөт үйүндөгү шарттар жана жарандардан акча талап кылуу фактылары тууралуу сөз болгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG