Украин режиссёру Сенцов Франциянын орденин алды

Олег Сенцов.

Украиналык режиссёр Олег Сенцов Франциянын Ардактуу легионунун ордени менен сыйланды.

Сыйлыкты Франциянын президенти Эммануэл Макрондун атынан Украинадагы элчи Этьен де Понсен тапшырды. Бул тууралуу Франциянын элчилиги билдирди.

"Биз тапшырып жаткан сыйлык Франциянын сиздин күрөшүңүзгө колдоо көрсөткөнүнүн дагы бир көрсөткүчү. Кеңири мааниде алганда, менин өлкөм Евробиримдиктин бардык өлкөлөрү сыяктуу эле Украинанын эгемендик жана эркиндик үчүн күрөшүндө жигердүү колдоо көрсөтөт. Биз сизге аскердик жактан жардам берүүнү бардык мүмкүнчүлүктөр боюнча улантабыз. Украина чоң европалык үй-бүлөнүн кайтарылгыс бир бөлүгү болуп саналат ”, - деди Этьен де Понсен.

Дипломат Сенцовдон ал жакында эле фронтто жарадар болгондон кийин өзүн кандай сезип жатканын, ден соолугун сурады. Режиссер дарыланып чыккандан кийин согуш болуп жаткан жерге кайтарын билдирди.

Ушундай эле орден менен украин жазуучусу Оксана Забужко сыйланды.

Крымдык Олег Сенцов 2014-жылы жарым аралды Орусия аннексиялап алганына каршы чыккан. Москва аны террорчу деп айыптап, 20 жылга соттогон. Ал күнөөсүн мойнуна алган эмес жана орус абагында 145 күн ачкачылык кармаган.

Сенцов 2019-жылы сентябрда Украина менен Орусиянын туткун алмашуу жараянынын алкагында орус түрмөсүнөн бошоп, Украинага келген.

Дагы караңыз

Блогер Улукбек Карыбек уулу бейбаштыкка шек саналып кармалдыАР: Орусиянын түрмөлөрүндө миңдеген украиналык кармалуудаТүштүк Африка Республикасынын лидери БРИКС саммитине кимдер катышарын айттыЧүйдө суу жоктугуна нааразылар жолдо акция өткөрүүдө